www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматбаев неге кабатыр?

Алты жыл мурда жергебизден учуп кеткен Батукаевдин чуусу токтомок түгүл кайра от алат окшоп калды. Чынында эле бул чечен улутундагы “мыйзамдагы уурунун” арты менен көп биздин белгилүү жарандар жабыр тарта турган болуп калышты. Жабылып калган эски жараны кайсыл кыйындар көбүртүп, жабыртып чыкканын деле убагы келгенде билербиз. Ошентсе да прокуратура, сот кызматкерлери менен тергөөчүлөрдүн башына үйүлгөн “тозок” боло тургандыгы эмитен эле айкындалып калганы айныксыз. Бул албетте, кубанарлык “олжо” эмес.

Акыркы убакта Феликс Куловдун дарегине айтылган сындар арбып бараткансыйт. Айрыкча 82 жаштагы Абдымалик Акматбаевдин күйбөгөн жери күл болуп турганы даана көрүндү. Анткени Рысбек менен Тынычбектин атасы алардын каза болгонуна ушул адамдан шек санап келет. Ошол үчүн кайрадан башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Негедир мурунку бийликтин убагында күйүткө баткан атанын өтүнүчүнө маани берилбей калды деген ойдо экен. Эмнеси болсо да Батукаевге жан тарткан “желим” генералды ачыкка чыгаруу үчүн катуу киришкен Абдымалик аксакалды токтотчудай күч жоктой сезилет. Ал эми толгой тарткан кыл аркан сымал болуп калган соттор кантип кези келгенде жооп берер экен деген суроо коюлганы жөн жерден эместир?, деп Ачык сөз гезити пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости