www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жантөрө нени кыйытты?

Азыр болуп жаткан сотко кимдер гана келбеди дейсиң? Өткөндө Чыныбай Турсунбеков менен Тайырбек Сарпашов да күбө катары берилген суроолорго жооп беришти. Тилекке каршы алардын оозунан учурда камалып тургандарга каршы пикир жаратчу аныктамалар берилбегени кээ бирөөлөрдү кыжаалат кылып жатат. Акыйкатта эле болбогон жерден колуна кишен салынган төбөлдөрдүн караңгы жерде отурушу көп күмөндүү маселени жаратууда.

Сарпашовдун берген так жообуна чечекейи чеч болгон мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бир нерсени кыйытты. Буйруса кайрадан ээрге отурсам сени орун басар кылып дайындайм деген кебине айрымдар тилин булайтса, кай бирлер шибегенин учу киргендей секирип кетишти. Эмнеси болсо да кыйлага узарып кеткен соттун жыйынтыгы камакта отургандар үчүн майнаптуу болоруна деле күмөн жок. Болбосо эбак эле мурдуна чүлүк салып таштамак да булардын. Демек, ар бир тамашада чындыктын элементи бар деген кептин мааниси тереңде жаткан шекилди, - дейт Ачык сөз".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости