www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл уран тууралуу маселе чыкканда айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов уран каза берсек эч нерсе болбойт деп чыккан. УКМК Рустамов менен анын жардамчысы кармалганын ырастады. УКМКнын маалыматына караганда, Рустамов жана анын жардамчысы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 миң доллар пара алып жаткан учурда колго түшкөн.

Алар чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Аларды тинткен учурда ар биринен пара катары алынган миң доллар өлчөмүндөгү акча табылган.Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («пара алуу») боюнча катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости