www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПга жол ачылабы?

Кызык. Ар качан кыргыз өлкөсүндө адамдын оозун кемшейткен окуялар жүз бергени эмнеси? Анткени бизде гана ошондой укмуш көрүнүштөр кырдаал өзгөргөн сайын болуп турат. Маселен, деги качан партияны жиликтеп, устукан сыяктуу бөлүп алууга жол берилди эле? 

Былтыртан бери карай авангард болуп таанылган КСДПны бөлүп-жарууга аракет кылгандар пайда болду. Сагынбек Абдракманов деген элге төбөсү көрүнбөгөн киши ортодон чыга калып чейрек кылымдык таржымалы бар партияны өзүнө имерип алууга жанталбас кыла баштады. Анын тилегин ишке ашырууга түлкүдөй буйт берген Иса Өмүүркулов кирише коем деп балээге кептелди. Чыныгы партиянын өзөгүндө жүргөндөр аны ит талагандай кылышты. Эмнеси болсо да анча-мынча кыймыл-аракеттер дале жасалууда.

Бирок, Алмазбек Атамбаев Москвага барып келгенден кийин партиянын тагдыры оң жагына чечилерин, кийинки парламенттик шайлоого барышарын коомчулукка билдирди. Ушул маалыматка ишенүүгө болобу? Азыркы бийлик шайлоого катыштырбоо ниетинде ар кандай шылтоолорду удургутуп, сотко ишти жеткирип убакытты албас бекен деген суроо жаралбай койбойт. Эгерде эле бул партияга тоскоол болбой жарышка кое берсе жыйынтыгы майнаптуу болобу, кеп ошондо. Кыскасын айтканда партиянын абалы бир айдан кийин ачыктала баштайт шекилди.

Себеби, бийлик бутактары өз ишине толук кандуу кирише баштайт эмеспи. Ал эми “Форумда” болсо түркүн чабуулга карата өз каршылыктарын көрсөтүүгө белсенип жатышканы деле калп эмес, - дейт Ачык сөз гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости