www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда элдин суроосуна жооп берип жатып.

“Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун - мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай”, - деди мамлекет башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде болуп жаткан окуяларга буга чейин комментарий берген эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости