www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийнемдин учун майтардым,

Бүгүн да Ак үй кайтардым.

Ийнемдин учун түзөттүм

Митингди бүгүн күзөттүм.

Балтамдын  учу долоно,

Бандиттер мында жолобо.

Бандиттер келсе уштайбыз.

Башын жара муштайбыз.

 

Ак үйдүн учу таман жол,

Кайтарган бийлик аман бол.

Террорист  келсе уштайбыз,

Бетин жара муштайбыз.

Төөгө чиркеп байлабыз,

Төбөгө чаап айдайбыз.

 

Ак үй жакты этектеп э-эээ-ээ-эй,

Мен коноюн Бекбекей.

Президент тонуна э-ээ-ээ-эй,

Жең болоюн Бекбекей.

 

Койдун сүтү коргошун э-ээ-ээ-эй,

Коррупция оңбосун.

Эчкинин сүтү эрменде э-ээ-ээ-эй,

Элди жеген шерменде.

 

Бекбекей айтып Кашкар, Ж  э-ээ-ээ-эй,

Митингден  бийлик коргойт.

Ак үйдө эл башкарган э-ээ-ээ-эй,

Президент кимди ойлойт?

Булак: Бекбекей

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости