www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус саясатчысы Владимир Жириновский күтүлбөгөн сунуш киргизди. Ал Борбор Азия өлкөлөрү жана КМШнын башка мамлекеттери Орусиянын курамына кириши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан билдирди.

Жириновский мурунку СССРдин өлкөлөрүнөн толук кандуу конфедерация - "КМШга караганда күчтүү нерсени жаратууга" болот деп ишенет.

"Бардык маселелерди чечүүнүн, толук коопсуздукту жана мыкты экономиканы камсыз кылуунун эң мыкты жолу - бул мурдагы 14 союздук республиканын бардыгы болуп, Орусиянын курамына губерния катары кириши: Душанбе губерниясы, Бишкек губерниясы, Ереван, Киев жана башкалар", - деп билдирген ал маектеринин биринде.

Буга чейин саясатчы Арменияны Россия Федерациясынын курамына кошууну сунуш кылган. Жириновскийдин айтымында, бул Түркия менен болгон жаңжалда өлкөгө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости