www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкерлер тууралуу маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына жана Медер Машиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

Последние новости