www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин дагы эки кызматкери коронавируска чалдыкты

Жогорку Кеңештин аппаратынын эки кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу парламенттин аппаратынын жетекчиси Алмазбек Сабырбеков билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар ооруканада жатышат. ПЧР анализинен өткөн депутаттардын арасында ушул кезге чейин инфекцияга чалдыгуу учурлары болгон жок. Анализ алуу иштери уланууда. Ак үй журналисттер жана коноктор үчүн жабык.

Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдиновдун COVID-19 менен ооруп калганы белгилүү болгон. Ал төрага Дастанбек Жумабековду кошпогондо, дээрлик бардык кесиптештери менен байланышкан.

Вице-премьер-министр болуп дайындалган Алмазбек Баатырбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов парламентке келген.

Жалпысынан парламентте COVID-19 инфекциясынын эки учуру катталган. Алгачкы ирет 18-июнда аталган оору Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан табылганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости