www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Түлеевге байланыштуу чечимдерди жокко чыгарды

Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши сотто кайра каралмай болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Жогорку Сот бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын — Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку Соттун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого жиберди. Жаңы кароодо биз, Кудай буюрса, дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз», — деген Түлеев аны колдогон тарапташтарына ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин кызматтан кеткен. 2012-жылы ага «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 2013-жылы 11 жылга камакка алуу боюнча соттун өкүмү чыккан. Бирок 2016-жылы айып пул төлөп, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости