www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Жолдош Орозовго байланышып, экс-президенттин кол тийбестигин алып салсак, кызматтан кеткен президенттерди куугунтуктоо, өч алууга айланып кетпейби?, - деген суроо узаттык.

--Ачыгын айтканда, кол тийбестикти алып салуу аркылуу өч алуу ыңгайы колдонулганы жатканы көпчүлүккө айгине болуп калды. Эгерде кол тийбестикти алып салбаса Атамбаевди ооздукташ кыйындыкка туруп жатканын бийликтегилер эмес, карапайым эл биз деле түшүнүп турабыз. ЖКдагы ийкемдүү, ыңгайлуу депутаттар азыр Президент эмнени айтса, көзүнүн кареги менен тең айланып, баарын жасаганга даяр. Атамбаевдин учурунда да анын оозунан сөз чыга электе “бөрк ал десе баш алып” лаппай таксыр деген да 6-чакырылыштын депутаттары болгон. Сөздүн ачыгы кол тийбестикти алып салуу туура эле болду. Себеби, кыргыз бийлигинин башына келген адам коррупциянын ана башында туруп, бийликте турганда ага кошомат айтып, оту менен кирип, күлү менен чыккандар эч унчуга албай качан алсызданат экен деп алыстан көз салып турушуп, кетер замат арстан болуп чыга калган эргулдарды көз алдыбызда өткөрүп жатпайбызбы. Мына ушул нерсе  эртең Президент болом деген шылуундарга сабак болот деген ойдомун. Кыргыз мамлекетининде башаламандыкка жол берип,улуттун өзөгүн кыйа чаба турган коррупция илдеттин жайылтып, “өзүмдү –өзүм билем , өтүгүмдү төргө илем” тоготпочулугун киргизгендер да экс-президенттер болгон. Бийликтин башына келгенден кийин жанына алдамчы шылуундарды алып, алар аркылуу ченемсиз байлык топтоп, жандоочторун чоң кызматтарга көтөрүшүп, Кыргыз элинин ырыскысын түгөткөндөр да ошолор. Кыргызстанда демократиянын шарданы эчак эле кыйраган. Азыр дардаңбайлар чардаңдаган заман, “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” ыкмасына өтө качкан заман, ушундай жаман кесепеттердин айынан улуттук саясий туңгуюкка кептелип олтурабыз. Кол тийбестикти түп орду менен жок кылып, жаңы мамлекеттик түзүлүш куруп, алдым –жуттумдукка бөгөт койгон жаңы системаны киргизбесек “баягы эле баягы, Баялынын таягы” боюнча кала беребиз. Азыр ак менен каранын ортосунда идеологиялык согуш болуп жатат. Эгер кыргыз эли мурунку саркынды эскилерден кутулмайынча Акүй, Көкүй, Сот, Прокуратура, бийликтин органдары коррупциялык чырмалышкан спрут болуп алышып элдин канын соро беришет. Жеп ичпеген элине күйүп, эли үчүн иштеген президентке кол тийбестиктин зарылчылыгы деле жок. Ал эми бийлик үчүн, байлык үчүн кармашып жаткандар бирин-бири куугунтуктамактан, орго салып салсын элдин кылы кыйшайбайт.

--Рахмат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости