www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тар чөйрөдө банкир кантип, Каржы министри болгону тууралуу айтыла баштады. Анын кантип Каржы министри болгонунан кабары барлар Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековду ынандырган дешет.

Анын 2010-жылдагы  банк ячейкаларындагы көрсөткөн кызматы үчүн ага ушул кызматты сүйлөшүп берген имиш дегендер да четтен чыгат. Кай бири Бактыгүл Жээнбаева бийликтин эрке айымына айланып, Элвира Сариеванын ордун басты деген кеп тарады. Ким эмне десе да Бактыгүл Жээнбаева балким банк системасында мыкты болушу мүмкүн бирок, каржы тармагын анчалык деле биле албаса керек.

Себеби, Каржы министри деген мамлекеттин бюджетин башкарат. Бюджеттеги каражат менен банктын эсебиндеги каражаттын асман менен жердей айырмасы бар. Атамбаевге асылгандан башканы билбеген депутаттар жок дегенде  кичине болсо да адистигине маани беришсе болмок экен.

Андыктан Сооронбай Жээнбеков кадр маселесине кадырын салып келгендерди четке кагып салса деле болот. Анткени учурда Кыргызстанда өлкөнү башкаруу системасында акылдуу аткаминерлер чанда гана, тилекке каршы алар Ак үйдө жок. Ал эми Роза Отунбаевага окшогон мурдагы аткаминерлер өлкөгө алгылыктуу оозго ала турган эч кандай кызмат кылып бере элек.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости