www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет. 

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Сизди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Казакстан көз карандысыздык жылдары, Сиздин жетекчилигиӊиздин астында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Сиз демилгелеген масштабдуу мамлекеттик кайра өзгөртүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүнө, элдин бакубатчылыгынын жогорулашына жана эл аралык аренада Казакстандын кадыр-баркынын бекемделишине түрткү берди. Кыргыз-казак мамилесинин оӊ динамикасы биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин андан ары да бекемделишине жана эки элдин кызыкчылыгына кызмат кылаарына терең ишенем», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге  бекем ден-соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости