www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы жергиликтүү журналист менен облустук кеңештин мүчөсү батыштагы Фарах шаары дагы Талибдерге өтүп кеткенин айтышты.

Андан тышкары бул аптада Талибан түндүктөгү башкы Кундуз шаарын алган. Ал минералдарга бай облустарга жол ачкан аймак катары белгилүү. Ал стратегиялык жактан дагы маанилүү жерде жайгашкан. Тажикстан менен чектешип тургандыктан бул аймак аркылуу апийим жана героин ташылып турат.

Оор салгылашуу өлкөнүн башка аймактарында жүрүп жатат. АКШ менен ооган учактары абадан сокку уруусун улантууда.

Салгылаш курчуп жаткан маалда миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга мажбур болушту.

“Түрмөнүн жанында жаткан өлүк адамдарды көрдүк... алардын жанында иттер жүргөн болчу”, — деп айтып берген AFP агенттигине Талибан каратып алгандан кийин Кундуздан качкан бир аял.

Шаарда жашап жаткан тургундардын айтымында, Талибдер көңүлүн мамлекеттик күчтөргө бура баштагандан кийин дүкөндөр ачылып иштеп калган. Өкмөттүк күчтөр аэропортко чегинип кетишкен.

“Адамдар дүкөндөрүн жана иштерин ачып жатышат, бирок алардын көздөрүнөн коркунучту көрүүгө болот”,  - дейт бирөө.

Талибдер ок атышууну токтотуу боюнча эл аралык кайрылууларды четке кагышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости