www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чындык KG” сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эки айга үй камагына алынды. Буга чейин ал убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат сайтынын өздүк булактары кабарлаган. Такталбаган маалымат боюнча журналисттин абактан бошотулуп, үй камагына чыгышына Темир Сариевдин тиешеси бар. Бирок, Бейшенбеков ал маалыматты четке какты.
- Ал мага жардам берген жок, мага мыйзам жана адвокат жардам берди, - дейт журналист.
Андан сырткары, Бейшенбеков учурда үй-бүлөсү менен бирге экендигин айтып, адвокат жана тергөө менен иштеше тургандыгын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, редактор кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана кылмыш тууралуу алдын ала жалган маалымат таратуу беренелери боюнча айыпталууда.
Иш вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун дарегине жазылган критикалар тууралуу болушу мүмкүн. Анда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун дагы катыштыгы бар дешүүдө билгендер. Анда Асанов Бейшенбековго Жеңиш Разаковдун Тажикстандын коопсуздук кызматында 3 күн кармалып келгени боюнча түшүнүк катын бергендиги болушу мүмкүн деп айтылууда.
Буга чейин дагы коом арасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын атайын кызматына тиешеси бар деген айың-кептер жүрүп келген. Жада калса бул маселе убагында Жогорку Кеңеште дага көтөрүлгөн.
2019-жылдын 20-мартында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чатактан кийин парламентте Жеңиш Разаков кайсыл тараптын таламын талашып жаткандыгына кызыгып, УКМКдан ЖМКда маалымдалып жүргөндөй Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына тиешеси бардыгын же жоктугун текшериши керектигин айткан. Кийинчерээк УКМК атайын текшерүү жүргүзүп, Жеңиш Разаковдун башка өлкөнүн атайын кызматына тиешеси жок экендигин аныктаган.
Булак: NazarNews.kg