www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын министрлер кабинети парламентке өз отставкасы боюнча кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу өзбек булактры  жазды.

Маалыматка таянсак, кайрылууга премьер-министр Абдулла Арипов кол коюп, документ дүйшөмбү күнү жаңы шайланган парламент алдында окулган.

 Өкмөттүн отставкасын парламенттин эки палатасы тең кабыл алды.

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда, депутаттардын жыйынында каралат.

Өзбекстандын Баш мыйзамына ылайык, жаңы шайланган парламенттин биринчи отурумунда өкмөт отставка боюнча арызын берет. Эми экс-министрлер жаңы өкмөт куралгыча мурдагы милдеттерин аткара берет.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда  22-декабрь күнү парламенттин төмөнкү палатасына, 16-17-январь күндөрү жогорку палатасына шайлоо болуп өткөн.


Булак:NazarNews.kg

Последние новости