www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Томск шаарындагы өрттөн өзбекстандык 11 киши каза болду

Россияда эмгектенип жүргөн 11 өзбек жараны,  жеке турак үйдөн чыккан өрттөн  каза болду. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда бүгүн, 21-январга караган түнү   Томск облусундагы жеке турак үйдөн өрт чыккан. Өрттөн имараттын чатыры урап түшүп, адамдар каза болгон. Азыркы учурда, каза болгондор чет жактан келип иштеген мигранттар экени айтылууда.

Жыгачтан салынган бир кабаттуу үйдө "Гринвуд" ишканасынын тактай даярдаган 12 жумушчусу баш калкалап, жашап турган.  Алар Өзбекстандын жарандары болгондугу айтылууда.

 Кырсык 208 чарчы метр жерди камтыган. Аны өчүрүүгө 39 киши тартылып, атайын 14 техника колдонулган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости