www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын колледж жана лицейлериндеги айрым адистиктер үчүн киргизилип жаткан жаңы кесиптик стандарттар талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Колледждердеги 15 жана лицейлердеги 10 адистикке киргизилип жаткан стандарттарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүнү, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти өзүнө алууну билиши керек.

Белгилей кетсек, кесиптик стандарттарда жумуш берүүчүлөрдүн адистиктерге болгон талаптары камтылган. Ал эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өлкөнүн экономикасы үчүн приоритеттүү болгон адистиктерге анализ жүргүзүү аркылуу иштелди.

Жаңы стандарттар менен окутуу республиканын ар бир аймагындагы жайгашкан алдыңкы тажрыйба борборлорунда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости