www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Видео- Короз кишини учтуу курал менен сайып өлтүрдү

Индиянын Андхра-Прадеш штатында 55 жаштагы көрүүчүсү короз уруштурчу оюн учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

 Маалыматтарга караганда  короздун бутуна учтуу темир байлап коюшкан. Короз оюнду уюштуруучулардын биринде болгон кезде анын колунан учуп чыгууга аракеттенип, четте турган кишинин курсак тарабына терең сайылган. Жаракат алган киши көп кан жоготкондуктан, каза болуп калды.

Индияда короз уруштуруу оюну байыртадан бери улантылып келет. Анда короздордун мыкты түрлөрү күч сынашат. Оюнга адамдар уруша турган эки короздун бирине акча коюшуп, уткан короздун баасы кымбат да болот.  

Эл короздорду уруштуруу оюнуна бийлик тарабынан тыюу салынганына карабай, улантып келишет.

 

 

 

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости