www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 22-январда Ысык-Көл облусунун Түп районунда Садыр Жапаровду колдоо боюнча митинг өтө турган болуптур. Бул тууралуу маалыматты блогер Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасында жүктөгөн видеосунда маалымдаган. Видео тасмада ал Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында экендигин айтып, 200 жылдык тарыхы бар Каракол шаарынын азыркы абалы жанды кейитээрин кошумчалаган.

Аны менен бирге Жапыкеев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаевге суроо узатып, өзүнүн кичи мекени үчүн кандай пайдалуу иш кылгандыгына кызыккан. Андан сырткары, видеодо блогер эртең Түп айылында камактагы Садыр Жапаровды колдоо боюнча митинг өтө тургандыгын маалымдап, ага барып катыша тургандыгын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости