www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жыргалбек Күрүчбекович, сиздердин партия каржыланбай калыптыр, ошондон улам “алдыдагы шайлоого катыша албайт” деген сөздөр тарап кетти Бул канчалык чындык?

-- Азыркы учурда шаарларга шайлоо болгону жатат. Токмок, Каракол, Балыкчы шаарларында партиядан шайланган депутаттар бар. Алар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Айтор, иштеп жатабыз. Шайлоого даярдык бар. 

-- Сиздердин партияны Бабанов гана каржылачу беле?

-- Партиянын лидери катары көп жагынан көмөктөшүп, каржысын берип турчу. Анан албетте, талапкерлердин өздөрүнүн да каржысы болчу. Бирок, эң башкысы, партия мүчөлөрүнүн аброю, элдин аларга болгон ишеними да. 

-- Сыр болбосо кийинки шайлоого кайсы партия менен барасыз?

-- Ушул партия менен эле барайын деп ойлоп атам. Азыр даярдык, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Башка партияга кошулайын деген оюм жок. 

-- Партиянын ичинде бир аз пикир келишпестик, бөлүнүп жарылуу да жок эмес экени айтылууда... 

-- Бөлүнүп-жарылуу жок. Сөз айтыла берет да. Фракция иштеп жатат. Беш кол тең эмес, өйдө-төмөн болот иште, туурабы?А так, “партия бөлүнүп кетти, жарылып кетти” деген нерсе жок. КСДПга караганда Кудайга шүгүр элебиз. Аналитиканы деле көрүп атпайсыңарбы. “Эртең шайлоо болсо кайсы партияны колдойсуңар?” десе,18 пайызы “Республиканы” деп атышат. “Кайсы партияга ишеним көрсөтөсүңөр?” деген суроого да биздин “Республиканы” көп айтып жатышат. Анткени, биз убада кылган 15 мыйзамдын он бирин ишке киргиздик. Убадабызды 75 пайызга аткардык. Азыр дагы эки мыйзам даяр турат. Алар да өтүп кетсе, 80-85 пайызга аткарган болобуз. Башка партияларды карасак, көз каранды эмес уюмдардын баасы боюнча, алар убадаларын 18, 30, 48  пайызга аткарыптыр. Ошон үчүн элде “Республикага” ишеним чоң болуп жатат. 

-- Өмүрбек Токтогулович партиянын ишине такыр аралашпай калдыбы?

-- Ал бизнестемин деп партия лидерлигин Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берип, азыр аралашкан жок. 

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости