www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-класска электрондук каттоо жүргүзүүгө дагы беш шаар кошулду

Быйыл Кыргызстандын дагы беш шаарында мектепке электрондук каттоо долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, электрондук каттоо долбоору өлкөнүн Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында эки жылдан бери иштеп жатат. Аталган калааларда баланы 1-класска электрондук каттоо 15-февралда старт алып, 15-августта аяктайт.

"Быйыл бул долбоор Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларына да киргизилди. Бул жерлерде электрондук каттоо 15-апрелде башталып, 15-августта бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Айрым аймактарда электрондук каттоо кийинчерээк башталганы менен шарттары, жол-жобосу бирдей экени кошумчаланды.

Балдарын 1-класска каттоо үчүн сайтына кирүүсү кажет. Ал жакта ата-эненин биринин, окуй турчу баланын маалыматтары толтурулуп, андан соң мектеп тандалат. Арыз ийгиликтүү толтурулган соң мектеп жетекчилигинен электрондук почтага "балаңыз кабыл алынды" деген билдирүү келет. Андан кийин ата-эне керектүү документтерин 15 күндүн ичинде алып бара турганы айтылды. Кошумча маалымат алууну каалагандар министрликтин 0312 88 71 99,0500 88 71 99, 0222 88 71 99, 0990 88 71 99 телефондоруна чалса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости