www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Тараз шаарындагы мектептердин биринин дааратканасында 12 жаштагы кыз зордукталды. Окуя сабак учурунда болгон. Бул боюнча, мектептин жамааты 18-ноябрда териштирүү уюштурган. КТК телеканалынын маалыматы боюнча, мектептин камераларынан шектүү адам көрүнгөн. Бирок буга эч ким көңүл бурган эмес.
Мектептин имаратынын ичинде бир гана даараткана бар болгон. Ал дагы көпчүлүк учурда жабык болуп калгандыктан балдар сырттагы дааратканага барышат. Мектептин окуучулары эле эмес, ал дааратканага ары-бери өткөндөр да киришет.
Жамбыл облусунун полиция департаментинин маалымат катчысы Гүлсара Мухтаркулованын маалыматы боюнча, шектүү адам 38 жашта, мурда уурулук менен бир нече жолу сот жообуна тартылган жана анын үй-бөлөсү жок.
Окуу бөлүмүнүн башчысы, вактёр жана сабак учурунда кызды эшикке чыгарган бойдон көзөмөлгө албаган мугалим жумуштан бошотулду.
Дарыгерлер жабырлануучунун абалын канааттандырарлык деп билдиришкен. Мектептин психологу эгерде окуучулар жабырлануучу кызга социалдык тармактарда жаман сөздөрдү жазбай, аны колдошсо, ал сабакка кайтууга даяр экенин билдирген.
Учурда шектүү адам камакта. Эгер күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg