www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 13-июнда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
13-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30, Нарын жергесинде +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Булак: NazarNews.kg