www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Студент баланын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды. Буга чейин түнкү клубда эс алып жүргөндөр студент балдар экени айтылып келген.
Ошол каргашалуу түнү Бишкек ШИИБи билдиргендей "Mansion" клубунда алар өздөрүнүн окууга кабыл алынганын урмтына майрам өткөрүп жатышкан.
Эс алып жүргөн үч баланын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.
"Түнкү клубда мушташ чыкканы боюнча маалымат милицияга 28-октябрь күнү түнкү саат 1.30дар чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, тепкичтин жанында жаткан баланын сөөгүн табышкан"
Каза болгон бала 18 жаштагы Б.А. аттуу биринчи курстун студенти экени аныкталды. Аны сабагандар ошол эле окуу жайда окуган 18 жаштагы О.Р. менен 17 жаштагы М. уулу А. экени такталып, колго түшүрүлдү.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залака тийгизүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews.kg