www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Соцфонддун 2018-жылга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн тактоо максатында сунушталган «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев 2018-жылга такталган бюджет кирешелер боюнча 51 млрд 151 млн 590 миң сом көлөмүндө же бекитилген бюджеттен 64 млн 702 миң сомго көп түзүлгөнүн , 2017-жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 239 млн 634 миң сомду түзгөнүн билдирди. “

Такталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2018-жылы 30 млрд 794 млн миң сом көлөмүндө же бекитилген бюджеттен 1 млрд 257 млн 197 миң сомго көп белгиленген. “Камсыздандыруу фонддору боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү Пенсиялык фонд боюнча 1 млрд 38 млн 251 миң сомго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча 91 млн 887 миң сомго, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду боюнча 13 млн 788 миң сомго, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду боюнча 113 млн 271 миң сомго көбөйүүдө”, - деди ал.

Андан тышкары, Социалдык фонддун чыгымдары 2018-жылга 50 млрд 427 млн сом өлчөмүндө  такталганы, бул бекитилген бюджеттен 576 млн 976 миң сомго көп экени белгилүү болду.

Ошондой эле, 2018-жылга карата Социалдык фонддун бюджетинин профицити 724 млн 578 миң сом көлөмүндө болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости