www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда 19 жаштагы Нурзат (аты өзгөртүлдү) аттуу сүйлөшкөн кызы асынып каза болгонун уккандан кийин өзүн атып өлтүргөн Нурбектин (аты өзгөртүлдү) туугандары окуя тууралуу өз версияларын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып беришти.
Алардын айтымында, Нурбек 1997-жылы туулган. Атасы көп жыл мурун каза болгон. Маркум 5 бир туугандын экинчиси болчу. 2-классынан баштап Бишкек шаарында медреседе окуган. Ал 9 жылдык болгондуктан, 10-11-классты Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринде окуп бүткөн.
«Нурбек 5 убак намаз окуп, куранды кооз окучу. Окууну бүткөндөн кийин аскерге кеткен. Аскер кызматын өтөп бүткөн соң, ошол жакта жакшы кызмат өтөгөнү үчүн иштөөгө алып калышкан. Биздин билишибизче Нурзат менен аскерге кетердин алдында таанышкан. Аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин айылга 2-3 күнгө эле келип, кайра кеткен. Ошондон бери аскер адамы болгондуктан айылга кээде эле, аз убакытка келчү. Кыз каза болоордон бир күн мурун экөө жолуккан экен. Жумушунан оңой менен жибербегендиктен ал командирлеринен «апам ооруп жатат» деп суранып кеткен. Нурбек ошол күнү келип, кайра ошол күнү эле кеткен.
Биздин угушубузча сүйлөшкөн кызын башкага кудалап бергени жатышкан. Бирок экөө жолукканда эмне жөнүндө сүйлөшкөнү белгисиз. Бирок кыз «мен өлөм, мени башка жигитке берген жатышат» деген деп ойлойбуз.
Нурбек Бишкекке барып, кадимкидей эртең менен саат 07:30да жумушка барат. Бирок айылдагы досторуна таң атпай саат 05:30дан баштап чалып, «айыл тынч элеби? Кыздын үйүн карап койгулачы» деп улам-улам сураган. Эгер кыз өлөм деп коркутпаса, ал телефон чалып сурабайт эле. Акыркы жолу досуна чалганда ал кыздын үйүндө боз үй тигилип турганын айткан, ошондон кийин ал өзүн-өзү атып салган», - дешет алар.
Туугандарынын айтымында, окуя болгон күнү Нурбек апасына телефон чалып сүйлөшкөн.
«Ошол күнү саат 08:28 чамасында апасына чалып, адаттагыдай абалын сурап сүйлөшкөн. Ошондон кийин 2 мүнөт өткөндө өзүн атып салган экен. Биздин угушубузга караганда, асынып өлгөн кыздын апасы боз үйдө «кызды жайына эле койсом болмок» деп ыйлап айтканын угушкан. Алар деле кыздын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн билишкен. Достору жана курбулары деле билишкен, себеби кыз каза болгондон кийин анын курбулары Нурбекке телефон чалып, «сенин айыңдан өлүп калды» деп айтышкан.
Биз алар жазышкан СМС билдирүүлөргө ишенбейбиз, себеби Нурбектин телефонун иштеген жеринде алып калышкан. Мындан сырткары, анын жазган билдирүүлөрүн калтырып, кыз жазгандардын кээ бирлерин өчүрүп коюшкан. Экөөнүн жазышкандарын бирдей ачыктоо керек болчу. Нурбек «сүйүүбүзгө каршы болгондорду эки дүйнөдө кечире албайм. Балким экөөбүздү өз жайыбызга койгондо бактылуу болуп жашайт белек» деп жазган.
Экөөнүн окуяларын бир гана кудай билет. Бирок өкүнүчтүүсү кыз тарап баланы күнөөлөп жатканында. Биздин оюбузча кыздын апасы Нурбекке кызын бергиси келген эмес.
Ал эми командирлер Нурбекти акыркы сапарга узатууга келгенде анын аябай жакшы жигит болгонун айтышты. Анын адамдар менен бат тил табышканын, жада калса кызмат өтөгөн жердеги иттерди карап, аларга дайыма тамак берип турганын айтышты», - дешти туугандары.
Булак: NazarNews.kg