www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "Азаттык", "24.kg" жана "Клооп" сайттарына карата жазган доо арызы боюнча соттук отурум өттү.

Соттук отурум Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда болду. Буга чейин Матраимов аталган үч ЖМКга  карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Райымбек Матраимов ЖМКлардын бажы чийиндердеги аткезчилик схемалар боюнча жарыялаган материалдарынан кийин арыз жазган.

Соттук отурумдун жүрүшүндө "24.kg" сайтынын өкүлүнө суроо берилип, анда доогердин жактоочусу "24.kg" Матраимов тууралуу жазылган бул материалдын өзүн башка ЖМКдан көчүрүшү мүмкүн экендигин айтып, бирок темасын өздөрү койгондугун белгиледи.

"Ошондо коррупциялык схемалар мен кызыкчылыгын коргоп жаткан адамга алып барат деп жазганыңарга далил барбы?", - деп сураган жактоочу.

"24.kg" сайтынын өкүлү аталган редакция журналисттик иликтөө жүргүзбөгөнүн, "Азаттык" менен "Клооптун" материалына ээлик кылбай турганын, колдорунда далили да жоктугун билдирди.

"24.kg" сайтынын өкүлү Эмил Жандаев: "Ал материалдын темасы "24.kg" тарабынан жазылган, бирок ага далилдер жок. Буга байланыштуу биз сунуштарды угууга даярбыз", - деди.

"Азаттык", "24.kg" жана "Клооп" сайттарына карата доо арыз менен сотко кайрылаардан мурун Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккандан кийин Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости