www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Красноярск шаарында 25 жаштагы кыргызстандык Ж.А.Ш өз апасынын колунан каза тапты. Бул маалыматты эне-баланын өз атын атагысы келбеген тууганы «Калыс Медиага» тастыктады.

Окуя Красноярск шаарындагы батирлердин биринде болгон. Апасы менен кызы чатакташа кеткенде, аял ашканадагы бычакты шилтеп жиберген. Кыз жүрөк тушунан жараат алган үчүн ошол жерде жан берген. Эне-баланын чатагына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Кылмыш кылган аялды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ал эми маркумдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн жакындары учурда акча жана зарыл документтерди даярдап жатат.

Көз жумган кыздын сөөгү ата мекенине жүк-200  менен 15-декабрдагы рейс менен келиши пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости