www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызык. 1995-жылдан бери бир эле “Кумтөрдөн” 400 тонна алтын өндүрүлүптүр. Бирок, ошонун канча тамчысы кыргыз элине пайдасы тийди деген суроо берилбей койбойт. Деги алтындан кимдер маарып, кайсыл качкындар байлыктын кучагында калды? Балким, Аскар Акаевдин небере-чеберелерине жете турган алтыны бар чыгар? Турсунбек Чынгышев, Танаев, Муралиев дегендердин салаасынан эмдигиче алтын куюлуп турабы деп толгонгондор жок эмес. Тилекке каршы алтынды өөнөгөндөр дале болсо сыйлуу төрдө отурушат. Ал тургай ошол элдин ырыскысын жулуп алгандардын асыл кеңештерине зар болгон башчылар бар экени талашсыз.
Кыргыз жергеси байлыкка бай экени белгилүү. Бирок, акыркы убакта алтынга караганда келечегибизге санаа тарткандар арбып баратат. Мурда кыңк эте албагандар жоголуп ордуна көз карандысыз азаматтар жетилип чыкты. Ошол үчүн өз элинин келечегине кам көрүп, алтын казууга каршы тургандардын армиясы өсүп чыкканы кубанарлык. Чынында бизге алтындын жарыгы тийбесин ачык билдик. Алтын кээ бир менеменсинген чиновниктердин олжосу болуп калат экен. Демек, бир ууч жегичтердин кызыкчылыгына каршы туруп, табигатыбызды сактап калышыбыз абзел. Аң-сезимдүү жаштар мындай демилгеге кайдыгер болушпайт деген ишеним бар.
Булак: "Ачык сөз"