www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын 55 жаштагы тургуну мындан 30 жыл мурда ашык болуп калган айымды издейт. Казак басылмаларынын жазганына ылайык, Нур-Султан шаарынын жашоочусу Төлөгөн Муканов бир кездеги махабатын издөөгө көмөк сурап маалымат каражаттарына кайрылган.

Төлөгөн Муканов ашыгынын ысымы Лилия экенин, алар автобекетте таанышканын айтат. Ал учурда Лилия мектепти жаңы эле аяктаган, ал эми Төлөгөн мырза жогорку окуу жайга тапшыра албай калган.

«Ал адаттан тыш, башка аялдардан, кыздардан айырмаланып турчу. Ал менден эч нерсе талап кылган эмес, акылдуу сөздөр менен кат жазчу. А мен жөн гана анын каттарына кубанчумун», - дейт.

Төлөгөн Муканов эки жолу үйлөнгөн, бойго жеткен кызы бар, бирок Лилияны унута албайт. Лилиянын үй-бүлөсү жок болсо аны менен кайрадан кездешүүнү кааларын дагы жашырбайт.

«Лилия, эгер сен мени угуп же көрүп жатсаң, мен сенин кайда экениңди билгим келет. Казакстанда же чет өлкөдө жашасаң дагы барам. Биз экөөбүз бири-бирибизди издеп жаткандайбыз. Мен аны сезип жатам», - деген Төлөгөн Муканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости