www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

2019-жылдын 21-сентябрында милиция кызматкерлери Кеминдеги таштанды үйдөн кыздын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү деп Кемин районунун жашоочусу 20 жаштагы К. А. аттуу жигитти кармашкан эле. Маалыматка караганда мурда ал соттолгон эмес. Ага карата соттун өкүмү чыгып, Жогорку соттун  сайтына  илинди.

 

Эске сала кетсек, 8-класста окуган кыз  20-сентябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Анын жакындары милицияга арыз менен кайрылышкан.

Окуучунун сөөгү Кеминдеги таштанды үйлөрдүн биринен табылып, кыздын денесинде көптөгөн жаракаттар бар болгон.

Кызга көчөдөн кылмышка шектүү жолугуп калып, күч менен таштанды үйгө зордуктоо максатында  алып керген.  Кыз каршылык көрсөткөндүктөн, 20 жаштагы жигит кызды сабап өлтүргөн.

Белгилүү болгондой К. А. кылмыш кылган учурда мас абалда болгон.

Кылмыш ишин Кемин райондук соту карады. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында К. А.нын кылмыш жараянында акыл-эсине ээ болгон эместиги такталды. Кылмышка шектүү кылган кылмышын мойнуна алып, натыйжада сот аны 15 жылга эркинен ажыратты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости