www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Өлкө башчы тиешелүү жарлыкка 17-январда кол койгон. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Сулайманованы кызматтан алууну президентке Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы сунуштаган.

Буга судья Айнура Сулайманова баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын ишин кароодо иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизанын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Натыйжада жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка жыгылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө аталган өкүм күчүнө кирген.

Ал эми Сулайманованы жумуштан алууну Тартип комиссиясына Ош шаардык прокуратурасы сунуштаган. Аталган комиссия бул маселени былтыр декабрь айында карап, аны кызматтан бошотууну колдогон.

Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Айнура Сулайманова быйыл 8-январда «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» “Казак” деген каймана ат менен белгилүбаланы үй камагына чыгарганы маалым.  Бул коомчулукта сынга кабылып, айрым депутаттар судьянын жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости