www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда чет элдик номер менен жүргөн унаанын ээлери Казакстан Республикасынын ИИМинин жаңы талаптарына каршы чыгышты. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.

Казакстандын Актөбе, Актау шаарында митинг болуп өттү. Дагы башка шаарларында митинг болгону турат. Өлкөдө коомдук талаш өсүп жатат.

Маалыматка караганда, аталган өлкөдө чет элдик унаалары менен жүргөн айдоочулар казакстандык номерге каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү талап кылышууда. Алар өздөрүн күнөөлү деп эсептешпей.

“Буга чейин мыйзамдуу болуп азыр мыйзамсыз болуп калдыбы?! Бул эмне деген оюн? Бизге казакстандык каттоого турууга мүмкүнчүлүк бергиле. Бир каршы эмесбиз. Дайыма Казакстанга льготалык катоо кылгыла, биз каршы эмесбиз. Налог төлөгөнгө биз даярбыз”,-дейт унаанын ээси Максат Балгазин.

Өлкөнүн ИИМи дагы каттоого тургула деп айтып жатат. Бирок, катоодон өтүүнүн суммасы бардык жаранга туура келе бербейт. Аталган унаалардын көпчүлүгү Армения, Россия, Кыргызстанда каттоодо турат. Алардын көпчүлүгү Аремниянын каттоосунда.

Актау шаарынын тургунун айтымында, ал чет элдиктен казактсандык катоого өтө турган болсо, аны өткөрүү унаасынын баасына, мындайча айтканда 2 жарым миллион теңгеге алган унаасын дагы ошончо суммага каттоодон өткөрөт.

Ал эми, милициянын өзүнүн чындыгы бар. Алардын айтымында, чет элдик номерлери менен унаалар эч бир казакстандык базада жок. Алар айып пул, налог да төлөбөйт. Мындан улам эреже бузгандар көбөйүп, жол кырсыгына кабылгандар арбын болуп жатат. Жана жол кырсыгынын келип чыгышына себеп болгон чет элдик унаалар изин жашырып качып кетип жатышат.

Учурда Уральск шаарындагы унаа ээлеринин митинги болуу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости