www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№31 түзөтүү колониясында камалган жаран акыйкатчы Токон Мамытовго милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо болгондугун айтып даттанды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Арыздануучунун айтымында, 2018-жылдын 29-октябрында аны Ленин райондук ИИБдин кызматкерлери, өткөн жылдын 20 - майында каза болгон чала тааныш Н.С.нын өлүмүнө шектүү катары кармашкан.  

“Кармалган жарандын айтымында, 2018-жылдын 20-майынан  17-августуна чейин ал Бишкекте болбой, Чүй облусунун Чоң –Далы айылында курулушта иштеп жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө ал аныкталган. Арыздануучуну 29-ноябрда кармашып, 3 күндөн кийин соттун чечими менен аны үй камагына чыгарылган. Милициялар аны спирт ичимдигин ичкендиктен, аны наркологияга алып келип, ага врач-нарколог аныктама бергендигин таңуулоо менен соттун чечимин эсепке албаган. Аны Убактылуу кармоочу жайга алып барышып, милициялар күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан” – деп белгилейт омбудсмендин аппаратынан.  

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости