www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуунун механизмдери бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине арналган иш- чарада сүйлөп жатып билдирди.

- Адамгерчилик кылып, туура эмес ишти түзөлтүп, Текебаевди абактын чыгарса болот эле. Жаңы бийлик келди, анын жолдору, механизмдери бар болчу. Мындай иштерди колдонуп чыгарса болот деп дагы айттым эле. Жогорку Кеңеш, азыркы президент чындап ниети болсо, жакшы максатты көздөсө ушул маселени чечип койсо болмок.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал ден соолугуна байланыштуу абактан ооруканага убактылуу которулган.

19-декабрдагы маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости