www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркыдай акшыңдаган бойдон көчөмө көчө кыдырып, үй-үйгө келип, дарбазаны тарсылдатып чаап алчуудай болуп, вирус жукпаган таза адамга вирус жуктуруп, мурда оорусу бар болсо дароо оңкосунан түшүрүп аны “бейишке” айдап, туугандарын кейишке салган эмеспиз! - деди Абдымамбет Сариев. 

--Жолдо өз иши менен шашып бараткан кишини көргөндө сүзөнөк букача тууралай басып, алдын тороп токтотуп алып акылдуусунуп мээсин чакпай эле, бирөөнүн жакыны өлсө делдектеп жетип барып, “өкүрбө, кошок кошпо, дароо ысыгында көөмп сал, мусулмансыңбы же?..” деп, демитпей эле, ал байкуштарды “өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай” эле жөн жашоочу элек.

Эч кимден уялбай жана тартынбай кыргыздын салтын бузган, элдин ырыс-ынтымагын кетирип, улуттук адеми кийимин чанган, эркеги аялдарча юбка кийип жаш туруп муруту жок сакал койгон, бирөө жакпай калса ызырынып уят сөз менен сөгүнгөн, аялы аза күткөнсуп кара жоолук салынып, бети күйгөнсүп, элден жүзүн жашырган, ыгы келе калса улуу-кичүүдөн уялбай куйругун бултактатып, арабча бийлеген, кыргызга жат, азыркыдай шумдуктуу жорук кайдан болсун! - деп кошумчалады Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости