www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухаммедкалый Абулгазиев 95-жыл ичинде, 1924-жылдан бери Кыргызстандын кырк төртүнчү өкмөт башчысы. Ал 2018-жылдын 21-апрелинен Сапар Исаковдун ордуна өкмөт башчысы кызматын аркалай баштаган. Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөт башчылык кызматын үч этаптан алсак болчудай:

1. Бийлигин чыңдоо;

2. Өкмөттүн иш-аракети;

3. Өкмөткө элдин ишеничинин кетип баратканы Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөт башчы болор менен өз кызматын Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн аракеттерден баштаган жок.

Мухаммедкалый Абулгазиевдин биринчи кадамы атаандаштарын каматуудан башталды. Ал ишке киришер менен коррупция шылтоосу менен камалуулар сериясы башталды. Кыргыз маданиятына меценат болуп жүргөн Рустам Маманов камалды. Анын артынан ЖЭБдеги коррупциялык иштер деген шылтоо менен мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сыяктуулар биринин артынан бири камалды.

Албетте, ЖЭБди модернизациялоодо ичип-жеген иштер болгон жок деп айтууга болбойт. Эгер мамлекеттин келечегин караса, анда бааны ылдыйлатат эле, эмнеге оңдотуунун баасын 386 млн долларга көтөрүп, эптеп өнүгүп келаткан мамлекетти Кытай компаниясынын жетегине салып беришти? Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар, «ТЭЦти» модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес, мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң катачылыгы «ТЭЦти» модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз атка минерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган. Жыйынтыгында эскерете кетели 2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Бул жерде тендер жарыялабай туруп, антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле. Анын ордуна Салайдин Абазов башында турган «Электр станциялар» ишканасы ТВЕА менен кызматташтык кылуу максатында 2013-жылдын 1-февралында кол коюшуп, ошол эле жылдын 11-сентябрынан баштап Эксимбанктан насыя ала баштайт. Өкмөттүн иши болгон жок деп айтууга болбойт. Бир жыл ичинде не деген кереметтерди жасады деп өкмөттүн маалыматы кан-какшап жатат. 2018-жылы октябрда пенсияны 200 сомго көбөйтүп ал кездеги социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова бул пенсия менен чет мамлекетке саякаттап келсе болорун айтып, демитип атты эле, бул министрликте коррупция деген биттеп кетиптир. Бюджеттин акчасын каалагандай чачып, чет мамлекетке өздөрү гүлпат чегип жүргөндөрү үчүн кызматынан орун басарлары менен министр четтетилген. Бийлик чыңалып баратканын билгизип Мухаммедкалый Абулгазиев өз өкүл баласын капитандан подполковникке секиртип Финполициянын бир учун чойдуруп койду. Кызык, мындай карьераны биринчи космонавт Юрий Гагарин ганы жасаптыр, космоско биринчи учканы үчүн, аны капитандан секиртип подполковник берген экен. Азыркы заманда өкмөт башчысына өкүл бала болгондор майордон секирип кетип жатышат. Акыркы мезгилде иштегенине бир жыл болгон Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтүнө сындар көбүрөөк айтыла баштады. Бул эмне бүгүнкү өкмөткө элдин ишеничинин кетип баратканыбы?

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости