www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жуманын ортосунда Көк үйдөн чоң жыйындар залында Өкмөттүн кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Көп сөздөр сүйлөндү. Ошол жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:

«Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү бир деңгээлде кармап турбастан, анын туруктуу өсүш темпин камсыз кыла алдык. Ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 6,9 пайызга чыкты» деди. Анан да Абылгазиев Мухаммедкалый бул көрсөткүч - ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч экенин кубануу менен билдирди.

Мындайча айтканда, анын кагаз бетинде айтылган цифраларына таянсак айрыкча 2019-жылдын башынан бери ички дүң продукциябыз өсүүнүн гана үстүндө болуп, 7 айдын ичинде бир да жерден токтоп калбаптыр. Сөзүнүн аягында алар так ушул калыбынан жазбай «Өкмөт өз ишинде мындан ары да макроэкономиканы турукташтыруудагы бул башкы стратегиялык сызыктан чыкпай, аны бекем сактоого болгон күч-аракетин жумшай беришээрин» айтып өттү, премьер-министр, деп "Айгай" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости