www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров эр экен. Өкмөттүк жыйында өкмөт мүчөсү эмес эле парламентте отурган депутаттай эле догурунуп алды. “Догурунуп” дегенибиз, өкмөт келээрки жылдагы бюджетин бөлүштүрүп жатып, аталган министрлик сураган каражаттан 1 млрд 306 млн. сом кем берип жатса керек. Ошого буулугуп жүргөн министр аталган сумманы бералбасаңар, жок дегенде 632 млн.сом бергиле дейт.
Албетте, социалдык өнүгүү министри катары минтип айтууга акылуу. Бирок, ишинен жыйынтык чыкпай жатат го. Кочкоров министр болгондон бери кайсыл социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлө жыргап кетти? Айткылачы. Ошондой үй-бүлөнү атап берсеңер сөзүбүздү артка алалы. Аткарган иши баягы эле арабдар менен ынакташа калып, демөөрчү кылып жүрөт аларды. Арабдарың болсо кыргыздын башын айлантып, ар кимиси өз намазын окутуп, үйрөтүп жүрүшөт. Деги, өзү деле билет өкмөттүн мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин. Жетпей жаткан суммасы эле 1 миллиарддан ашса анда министрликке жылда канча бөлүнөт өзү? Ой, бөлүнбөй калган бир жарым миллиардга барабар акча менен эле муктаж адамдарды багып койсо болот жыл ичинде, эгерде багыттуу бөлүштүрүлсө.
Премьер туура айтты. Кочкоров-өкмөт мүчөсү эмес эле депутат болуп алды. Өзүнүн айлыгы, кварталдык премиясынын өлчөмү канча болду экен? Же, алдындагы ээри кыйшыйып, кетээрин шекшип, ушинтип “атымды чыгарып алайын” дедиби, ким билет.
Булак:NazarNews.kg