www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өз ара кызыгууну жараткан олуттуу суроолорун талкуулоо мүмкүндүгү бар жолугушууга кубангандыгын белгиледи.
«Биздин жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн динамикасы өз жыйынтыктарын берип жатат. Мамлекет башчыларыбыздын ортосундагы ишенимдүү мамилелер жана орногон достук алака коңшу өлкөлөрдүн ортосунда өз ара аракеттешүү тарыхынын жаңы барагын ачты. Бул оң учурлардын бардыгы боордош элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдейт», – деди Абдулла Арипов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстан Республикасы менен мамиле түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
«2016-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 50 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү, өзбек тараптын статистикасына ылайык, 446 млн АКШ долларын түзгөн. Бул акыркы 2,5 жылда товар жүгүртүү бир нече позициялар боюнча үч эсе, ал эми башка товардык номенклатуралар боюнча 10 эсе өскөнүн айтып турат. Эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки биздин экономикалык жана маданий байланыштарыбызды бекемдеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда интенсивдүү алакаларды өнүктүрөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыттары боюнча эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара маселелеринде кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары карай активдештирүүгө тийиштүү маселелер талкууланды.
Булак: NazarNews.kg