www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициялык күчтөр омкорулуп турган чакта Адахан Мадумаров эл менен жолугушууну улантып, парламенттик шайлоонун камын эртелеп көрө баштады.

Анын айтымында, мындай аракеттери үчүн бийлик тараптан тоскоолдукгар жаралып атыптыр. Негизинен алганда, Мадумаровдун шайлоого катышууга каражаты жок, бирок ал өзүнүн 100 миң чамасындагы электоратын бетке кармап, башка таасирдүү саясый күчтөр менен «соодалашса», капчыктууларга биригүү үчүн кадам таштаса, парламентке келүү шансы жаралат. Эгерде эмдиги жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодон Мадумаров дагы өтпөй калса, анда саясый карьерасына катуу сокку урулары, элдин да үмүтү өчө турганы жашыруун эмес.

Андыктан, «Бүтүн Кыргазстандын» лидери бул жолу жан аябай күрөшөрү күтүлүүдө. Иш жүзүндө оппоненттерге жакпайт дечи, баягы Каркыранын казактарга кетишин эске салып (агезде ЖК спикери болуп, ратификациялап бергени жалганбы?), бетине чиркөө ишти дагы козгошу ыктымал. Күч органдары Мадумаровдун артынан илинчек таап калышы да мүмкүндүгү тар чөйрөдө айтылууда. Соңку убакта саясатчылардын камалышы жаңылык деле болбой калбадыбы. «Кайырмакка илинсе» шайлоого жетпей кете береби? - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости