www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду оппозицияга кеттим деген АШАга кошулду деп “Форумду” карагандар катуу теминишти, демин баса алышпай. Алар эптеп саясий салмагы бар саясатчыларды биз менен деген ярлыкты элге жеткире албай жатышканын ушундан эле билдирип коюшту. Өпкөсү көөп чыккыча Мадумаровду биз менен чогуу болот дегендердин тизгинин “Бүтүн Кыргызстандын” билдирүүсү тып эле тартып койду окшойт. Ошондон бери үндөрү чыкпай калышты. Билдирүүдө “Конституцияны өзгөртүп, көптөгөн шайлоолорду бурмалап, мамлекеттик казынага эбегейсиз чоң зыян келтирген, өзүнүн жакын досуна, шоопуруна, жан сакчыларына мамлекеттик машинаны башкарткан киши менен биригүү “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын ар кандай принциптерине туура келбейт” деп айтылды. Сөз ким тууралуу болуп жатканы түшүнүктүү эле болду да. Анан кантип Адаханды АШАга алып барып чаптайсыңар, бай болгурлар?

Булак: «Жаңы Ордо»

Последние новости