www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын "Укуктук кеңеш" программасынын автору, юрист Чыңгыз Мырзабеков жол коопсуздугун бузган адамдарды элге жарыялап жүргөн журналисттер мыйзам бузуп жатканын "Азатыкка" билдирди. Ал Бишкектеги жана аймактардагы телеканалдардын айрым кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн тартип сакчылары менен бирге рейдге чыгып, жол эрежесин бузган жарандардын артынан сая түшүп камерага тартып, телевизорго же интернетке чыгарып жатканын адам укугун тебелөө деп мүнөздөйт.
Мындай көрүнүштү токтотуп, мыйзам чегинен чыкпоо керектигин айткан адвокат Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга сунуш жолдоду. Ал Маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын 18-беренеси бузулуп жатканын, сотко чейинки учурларда шектүү же айыптуу кишилердин тек-жайын жарыялоо мүмкүн эместигин эскертет.
- Журналисттер тергөөчүлөрдөй болуп кишилерди суракка алып, аларды чоң кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок кишинин ар-намысы, жеке купуялуулугу деген түшүнүктөр бар эмеспи. Тартип бузуп, камерага түшүп калгандардын бала-чакасы, туугандары башкалардын алдында уялып, бүтүндөй үй-бүлөгө доо кетип жатат. Журналист мыйзамдын чегинде иштеши керек. Тартип бузгандарга чара көрүү журналисттин эмес, күч органдарынын иши,- деди Мырзабеков.
Адвокат муну менен жол коопсуздугун бузгандардын таламын талашкысы келбестигин, бирок бардык тараптын иш-аракети мыйзамдан аша чаппай, адам укугу баарынан өйдө экендигин эске алуу керектигин айтты. Ал мындай сунушту Конституциялык палатага жолдоого камынып жатканын кошумчалады.
Юрист айткан эрежелер Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинде да жазылган.
Булак: NazarNews.kg