www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКында бир айга жетпеген убакытта иштеген учурда генералдык директор Бакыт Шаршеев 40 адамды кызматка алган, анын бардыгы өзүнүн тааныштары. Албетте, бирок алардын квалификациясына ал өзү толук жооп бербейт. Себеби алар анын жөн гана тааныштары. Бирок аэропорт – бул өлкөнүн аба дарбазасы экендигин жана коопсуздук биринчи орунда турушу керектигин унутпообуз зарыл. Эмне үчүн эч ким бул суроого жооп издебейт: адистиги жок жаңы адамдар кандай негизде аэропортко иштеш үчүн кабыл алынат? 
Шаршеев Инфраструктура жана региондук өнүгүү боюнча генералдык директордун орун басары, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКында 25 жылдан ашык убакыт иштеген, мыкты адис, өз кесибин билген жана коллектив урматтаган Абдималик Бусурманкуловду, Аба жүк ташуу борборунун директору, 19 жылдык стажы бар Аскар Осмоналиевди, коммерциялык директор, 5 жылдык стажы менен Раул Жапаров, "Манас менеджименттин" башкы директору, 16 жылдык тажрыйбасы бар Максат Мамаевди, СМТОнун жетекчисинин орун басары, 5 жылдык стажы менен Улан Жамбаевди, коммерциялык директор Эльнар ж.б жалпысынан 40 адамды кызматынан эч себепсиз эле бошотуп, алардын ордуна авиацияга эч тийешеси жок, өзүнүн жердештерин, жакын туугандарын жумушка алып жатат. 

"Манас" аэропортунун түптөлүшүнө өтө чоӊ салымы бар Абдималик Бусурманкуловдун ордуна,коррупционер Жолдошбек Бектургановду дайындаган. Бул "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын экс-башчысы, убагында анын жетекчилиги астындагы "Эйр Кыргызстан" компаниясы банкрот болуп, компанияны жок кылып салганы боюнча көп сындарга кабылган.

Эске салсак, аталган авиакомпаниянын жетекчисинин ишине нааразы болгон эл өкүлдөрү 2018-жылы эле Бектурганов менен "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү өтүнүчтөрүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жана Башкы прокуратурага жөнөткөн.

КKC 2013-2018-жылдар аралыгында мамлекеттик компанияларды башкарууда мыйзам бузуулардын айрым фактылары табылгандыгын кыскача билдирген. Ошондой эле компаниянын балансындагы учактарды сатып алуу жана пайдалануу боюнча компаниянын каржылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүлгөн. Бирок текшерүүлөрдүн жыйынтыгы алигиче ачыкка чыга элек.

Андан тышкары, ЖМКларда Бектургановдун кызмат орду үчүн алган айлыгы 4000 доллар деп жазылып, бирок ал бул маалыматты четке кагып, бюджетке чегерүүлөрдү кошкондо, эмгек акы 71 миң сом болгонун айткан. Дебитордук карызын төлөбөгөн мындай адамды аэропортко кантип алып келди? Коомчулуктун нааразычылыгы күчөп баштаганда жан досу Жолдош Бектургановду кайра кызматынан бошотуп, анын эӊ жакын адамы Бакыт Усаровду Оштун аэропортуна биринчи орун басар кылып дайындап берди. Усаров дагы убагында "Эйр-Кыргызстан" компаниясын банкрот кылып, талкалаганга салым кошкон адам катары белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости