www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Темирбаева жарык дүйнө менен коштошту. Бул тууралуу маалыматты Султан Раев социалдык тармагына жазып чыкты.

«Жаркын эже, кайран эже... Абалыңызды сураган сайын... Түзүк болуп калдым... Оңолуп баратам... Бир кыйла жакшы сезип калдым... Жакшы элемин... Жакшы... деген сөздөрүңүздү байма-бай угуп турдум... Мурда күнү эле үнүңүз баштагыдай чыгып, адатыңызча жаркылдап сүйлөп жаттыңыз эле... Өзгөн... Жаныбек казы... Кызыңыз... Айтматовго бирге барганыбызда берген сурооңузду эстеп узун сабак сөз кылдыңыз эле. Чыкем ошондо бир башка... үшкүргөнүн... ал үшкүрүк жоготуу менен армандын үшкүрүгү экенин кийин сездик. Улуу инсан ушул үшкүрүктө адамдык улуу арманды катып келген экен... Алыста жүрүп сиздин узак сапарга, түбөлүктүү сапарга кеткениңизди угуп, оор үшкүрүп олтуруп калдык... Бул үшкүрүк жоготуунун үшкүрүгү...

Ыйманыңыз салабат болсун. Нурлуу жайдан орун алыңыз. Ал жер - Бейиш болсун...», – деп жаган Султан Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости