www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганстанда кандуу шайлоо

Афганстанда 20 -  октябрда өткөрүлгөн жана 3 күнгө созулган парламенттик шайлоодо 56 киши каза тапты.

БУУ Афганстандагы шайлоонун кандуу баллансын билдирди.

БУУ Афганстанга жардам миссиясы (UNAMA) шайлоо учурунда болгон окуяларда 56 кишинин каза болгондугун, 379 кишинин жаралангандыгын жарыялады. Маалыматта шайлоого чейинки алты айлык процесстин ичинде жалпы 500 кишинин каза болгондугу же жаралангандыгы жана 245 кишинин качырылгандыгы белгиленди.

Жарандарга карата жана добуш берүү борборлоруна жасалган кол салуулардын эл аралык мыйзамга караганда согуштук кылмыш экендигин баса белгилеген UNAMA Талибандын шайлоо учурунда кол салууларды жасап шайлоочулардын добуш берүүсүнө тоскоол болгондугун билдирди.

Шайлоодон бир канча күн мурда Талибан добуш берүү борборлоруна кол салары тууралуу эскертүү жарыялаган. Талибан шайлоочуларга үйлөрүнөн чыкпоону жана талапкерлердин жарыштан чыгууларын айткан. Расмий маалыматтарга караганда шайлоодо 4, 2 миллион киши добуш берди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости