www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биз дагы Конституциялык укугубуздан пайдаланып ѳзүбүз киргизген мыйзам долбоорду коом алдында талкуулоо максатында 2019-жылдын 24-ноябрында эски аянтта, В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик талкууга коебуз. Мындай кадамга Жогорку Кеңеш биздин Конституциялык укукту бузгандыгына байланыштуу аргасыз барып жатабыз", -деген экс-депутат, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров элге кайрылуу жолдогон. Мындан улам NazarNews маалымат агенттиги Курултайдын аткаруу комитетинин өкүлү Айбек Бусурманкуловго байланышып, өтө турчу Курултай тууралуу суроолорго жооп алды.
- Айбек мырза, Курултайдын максаты ишке ашып жатабы?
- Курултай мыйзамы жөнүндө президенттин аппараты жумушчу топ түзгөн. Ал жумушчу топ иш алып барып жатат, азырынча жыйынтыгы чыга элек.
- Курамында киши азайдыбы же көбөйдүбү?
- Тилектештерибиз көбөйүп жатат. Ошон үчүн 12 миң 700 колду жеңил топтодук.
- Кечээ жакында билдирүү тараттыңыз, анын максаты эмне?
- Демилге топ 4 ай мурун референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун 12 миң 700 кол топтоп, аны Жогорку Кеңешке тапшырганбыз. Тилекке каршы, азыркы убакытка чейин мыйзам долбоорун депутаттар караша элек. Ал эми 5 депутат жазган 9%дык босогону 5%га түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун 1-2 күндө коомдук талкууга чыгарышты. Ошол себептүү Жогорку Кеңеш парламенттин ичинен карабаса, биз ачык асман алдында жалпы элдик талкууга алып чыгууну туура көрдүк.
- Социалдык тармактарда Азимбек Бекназаров митинг кылат экен түшүнүк пайда болду, ошону түшүндүрүп койсоңуз?
- Азимбек Анаркулович демилгечи топтун Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун баяндай турган адамы. Жана демилгечи топтуп айынан билдирүү таратты. Максат – мыйзам долбоорун элдик талкууга алып чыгуу жана кен байлыктар боюнча мыйзамда мамлекеттин үлүшү жок дегенде 51% болушу керек.
- Курултайдын пайдасы эмне?
- Курултайдын пайдасы – бул бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жана иштей албаган бийлик бутактарын (президент, ж.б.) кетирүүнүн мыйзамдуу механизми. Жыл сайын Элдик курултайга отчет берет, эгер "канааттандыралык эмес" деп баа алса кызматтан кетет.
- Курултай деп көп аракет жасадыңар, бийлик үн каттыбы?
- Бийлик бутактарынан жалгыз президент каалоосун билдирип, кызматташып жатат. Ал эми Жогорку Кеңеш эч кандай аракет кылган жок жана кызматташуу ниетин көрсөткөн да жок.
- Курултайдын өтүшү парламенттик шайлоо алдындагы аракет эмеспи?
- Жок. Курултай демилгеси 10-15 жылдан бери эле үзгүлтүксүз көтөрүлүп келе жатат. Курултай институту орнобогондуктан 2 жолу революция болду. Бийлик өкүлдөрү каалагандай мамлекетти калчап, эч нерсеге жооп беришкен жок.
Ошондуктан, элдик талкууга баардык депутаттарды, саясатчыларды, премьер-министрди чакырабыз, саясатчылар духу болсо эл алдына келип жооп беришсин. Жер-жерлердеги кен байлыктар боюнча көйгөйлөрү бар активистерди да чакырабыз. Эл чечсин!
Булак: NazarNews.kg