www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Эл Бажаев жана Бабанов мурдатан өнөктөш болгондуктан Жерүйдө Бабановдун да үлүшү болуш керек деп шекшинип турат...", - деди бүгүн, 18-мартта көз карандысыз журналист Айданбек Акматов.

-Айданбек мырза, кечээ тарыхый күн болуп, “Жерүй” кени ишке берилди. Путин да телекөпүрө аркылуу кендин ачылышына катышты. Кыргызстан үлүшкө ээ болдубу же бу жолу да куру жалак калдыбы? 

-Туура, Жерүй алтын кени ишке берилди. Ишке берүү аземине Россия президенти Путин өзү катышып, Жерүйдүн айланасында “мышык-чычкан оюну болбосун” дегендей болду. Путин Россиянын, улуту чечен орус жараны Бажаевдин кызыкчылыгын колдоп жана коргоп катышты. Демек, кендин ишине көз салып турат. Эми Кыргызстан кызыкчылыгына келгенде, тилекке каршы, Кыргызстандын Жерүйдө 1%да үлүшү жок. Салык алабыз деп өзүн-өзү сооротуп жатышат. Мына Кумтөр салык төлөп “жыргатып” келатат. Жыл сайын 1 млрд. долларлап алтын казат бюджетке 80-90 млн. доллар төлөйт.  Атамбаев жана Бабанов 5 млрд. долларлык алтыны бар “Жерүйдү” 100 млн. долларга сатып жиберишкен. Жерүйдө 90 тоннанын тегерегинде алтын бар. Дүйнөлүк базарда учурда алтынга баа жогору турат. 1 унций (31грамм)1700-1800 доллар. 90 тонна алтын ошондо 5 млрд. доллардан ашык турат. Кыргыз мамлекети мына ошол өтө чоң суммадан болгону 100 млн. доллар алды. Анан эми анча-мынча салык төлөйт деп отурабыз.

-600 миллион доллар инвестиция салды деп жатышат го?

-600 млн. доллар инвестиция салды деп жатышат. Ал 600 млн. доллар эмнеге салынды? Мына ошол кенди иштетүүчү комбинатка салынды, техникаларды алууга салынды. Анын Кыргызстан бюджетине эч кандай салымы деле жок. Ошондуктан Жерүйдө Кумтөр окуясы  кайталанып жатат. Кыргызстан “Кумтөрдөн” утту беле? Кумтөрдү коррупциянын символу, кылым аферасы деп Атамбаев да, Жапаров да, эл да айтып келген. Бирок сабак албадык...

-Жер үйдүн дүңүнөн берилип кетиши боюнча Атамбаев менен Бабановдун кандайдыр бир күнөөсү барбы?

-Атамбаев жана Бабановдун түздөн-түз тиешеси бар. Алар чечим кабыл алган. Алар Жерүйдү Бажаевдин колуна тапшырган. Бабановго көбүрөөк сөз тийип жатат, анткени ал Бажаевдердин мурдатан бирге жүргөн ишкер өнөгү. Ошондуктан Бажаевдерди Бабанов алып келди, “Жерүйдү” ит бекер берип жиберди деп эл негиздүү түрдө айтып жатат. Бажаев жана Бабанов мурдатан өнөктөш болгондуктан Жерүйдө Бабановдун да үлүшү болуш керек деп да шекшинип турат...

-Эгер Бабановдун күнөөсү болсо неге жоопко тартылбай жүрөт?

-Бабанов жана Атамбаевди “Жерүй” боюнча айыптуу деп табыш үчүн, биринчи кезекте “Жерүй” боюнча келишимди коррупциялык, Кыргызстанга эч пайдасыздыгы ачык айтылышы керек. Тийиштүү органдар муну тастыкташ керек. Мына ошондон кийин алардын күнөөсү мойнуна коюлуп, тийиштүү жазасын, баасын алыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости