www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») адеп сабагы боюнча окуу китебинде жайгаштырылган материалга нааразы экендигин билдирди. 6-декабрда парламенттин жыйынында ал социалдык тармактарда бул материал талкууга алынганын айтты. «Акыркы убакта окуу китептеринде грамматикалык жактан да, мазмуну жактан да каталар аныкталууда. Бул чоң көйгөй болуп калды. Мына, мисалы, соцтармактарда 3-класстын окуучулары үчүн адеп китебинде жайгаштырылган материал талкуу жаратты. Анда чылым чегип, кыска юбка кийген кызга бүтүндөй ыр арнашыптыр. Качантан бери сабактарда жек көрүп, башкаларды сындаганды үйрөтүшөт?», - деди ал.  Булак: NazarNews.kg

Последние новости